Кыргыз-тажик чек арасынан эркек кишинин сөөгү табылды

Кыргыз-тажик чек арасынан эркек кишинин сөөгү табылды

Кыргыз-Тажик чек арасындагы каналдан эркек кишинин сөөгү табылды. Бул туурасында Баткен облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда,  маркумдун сөөгүн Чек ара кызматынын кызматкерлери таап алышкан. 17-декабрда саат 15:50дө Лейлек райондук милициянын нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда Тажикстандын Овчу-Калача айылы менен Баткендин Интернационал айылынын ортосундагы Козубаглан каналынан саат 12:30 чамасында белгисиз адамдын сөөгү  табылганы кабарланган.

Бул факты каттоого алынып, Лейлек райондук соттук медициналык бюронун эксперти менен биргеликте кишинин сөөгүнө сырттан кароо жүргүзүлүп, эч кандай зомбулуктун белгилери аныкталган эмес.

Теришитрүү иштеринин жүрүшүндө маркум кыргыз жараны, Интернационал айылынын тургуну экени аныкталды.

Учурда соттук медициналык экспертиза дайындалды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>