Элдин ишениминен акча «жасаган» алдамчы кармалды

Элдин ишениминен акча «жасаган» алдамчы кармалды

Чүй облусунда алдамчы ишенчээк жарандардан акча алып, качып кеткен. Бул тууралуу облустук милициядан билдирди.

Маалыматка караганда, Аламүдүн райондук милицияга алдамчылык фактысы боюнча ар кандай жарандардын арыздары боюнча онго жакын факты катталды.

Алдын ала маалыматтарга караганда, ал өзүн Фархад деп тааныштырып, жарандардын ишенимине кирип, ар кандай шылтоолор менен алардан акча алып жүргөн (ал жабырлануучулардан ар кандай суммада: 33 миң сом, 75 миң сом, 130 миң сом, 350 миң сом, 7 миң доллар, 17 миң доллар, 19 миң доллар ж.б.). Келтирилген зыяндын жалпы суммасы аныкталды. Кийин убадасын аткарбай, акчасын кайтарбай, из жашырып кеткен.

Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык)  менен бардык фактылар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды.  Жогорудагы фактылар боюнча иликтөө иштеринин жүрүшүндө Чүй облусунун 36 жаштагы тургуну К.Р., күнөөсү аныкталып, кармалган.

Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Милиция жогоруда аталган жарандын колунан жабыр тарткандарды Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө же 0 (701) 45-55-94, 0 (550) 33-65-80 телефондору аркылуу кабарлап коюуну өтүнөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>