Ысык-Көлдө 501 млн сомдук «Кырчын» турбазасы мамлекетке өттү21-мартта Бишкекте Нооруз майрамына арналган майрамдык иш-чаралар өтөт (программа)Mastercard жана MBANK Борбор Азияда биринчи жолу Лионель Мессинин сүрөтү түшүрүлгөн картаны сунуштайтУшул жылдын январында Кыргызстанга 220 млндон ашык доллар которулган2025-жылы Кыргызстандын корголуучу аймактарында 139 мыйзам бузуу аныкталдыСадыр Жапаров Казакстандын президентин улуттук референдумдун өткөрүлүшү менен куттуктады
“Акчаңды көбөйтүп берем”. Бишкекте алдамчылыка шектүү кармалды
16.12.2023 | 14:54
Бишкекте алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 13-декабрда аял киши кайрылган. Ал арызында билдиргендей, К. аттуу аял “акчаны көбөйтүп берем” деп 3 миң доллар алып, алдап кеткен.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) боюнча кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 34 жаштагы М.К. аттуу аял киш кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга камакка алынган.
Милициядан билдиришкендей, учурда кармалган аялдын 14 алдамчылык фактысына катыштыгы бар экени аныкталган.
Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткандар болсо, 0702 743 335, 0555 300 071 же 102 номерине кабар берүүсүн суранат.