«Үй-бүлөсү менен барса болот». Кыргызстандыктар Италияда мал багып иштей алышат

«Үй-бүлөсү менен барса болот». Кыргызстандыктар Италияда мал багып иштей алышат

Кыргызстандык жарандарга Италияда мал багып иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлүүдө. Бул тууралуу Италиядан Европадагы мекендештердин атынан Бишкектеги Элдк курултайга делегат болуп келген Миргүл Өмүралиева билдирди.

Өмүралиеванын айтымында, ал Италиянын Сардиния аралында жашап, иштейт. Ошол жердеги мекендештер түзгөн уюмдун мүчөсү. Аларда кыргызстандыктар сезондук жумуш үчүн Германия жана башка мамлекеттерге чыгып жаткандыктан, мекендештерин Сардиния аралына мал багууга чакыруу тууралуу ой жаралган. Бул 2 мурда элчиликкке, өкмөт кайрылышкан. Былтыр Бишкекте өткөн биринчи Элдик курултайда да кат жазышкан.

Эми аталган маселе оң жагына чечилип, Италия тарап менен келишим түзүлүп, жумуш орун үчүн квота бөлүнүп берилди.

«Бул долбоор келерки жылы жазында башталат. Учурда 60 киши жазылды. Биздин мекендештер баргандан кийин уят кылбай иштеп берсе. Биздин президент «жалкоо» деп айтпадыбы. Жалкоо деле эмес. Биз чет өлкөдө жүрөбүз, бир да жалкоо адамды (кыргызстандыкты – ред.) көргөн жокпуз. Жазылып жаткандан кийин жакшы иштейт деген ниеттебиз», — деди ал.

Анын айтымында, учурда бул долбоор сыноо иретинде киргизилип жаткандыктан, башында 60 кишини тизмеге кошуп, иштешип көрөлү деп чечишкен. Ошол эле учурда дагы кошумча тизме түзүлгөн.

«Мал багууга жардамдашканы миңдеген адам керек. Бул долбоор боюнча эң көп 100 кишиге жумуш берилет деп жазылган. Бирок азырынча 60 кишини тизмеге коштук. Алардын айрымдары баш тартып калышы мүмкүн деп, кошумча тизме да түздүк. Ага да жазылып жатышат.

Бул сезондук жумуштун мөөнөтү азырынча бир жыл деп белгиленүүдө. Бирок италиялыктар 10-15 жыл иштегенине да макул. Айлыгы орточо 1 миң евро деп жатабыз. Малчылар үй-бүлөсү менен да барса болот деп үйлөрдү даярдап жатышат. Бекер үйдө жашашат. Бирок чыгымдары бир үй-бүлөгө жетпей калат да. Келинчегине да бир жумуш таап бергиле деп суранып жатабыз. Тамагына, суу-светке төлөш керек болот. Бирок бул жагын да карап жатабыз. Азыраак болсун деп», — деди ал.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>