Президент: Шайлоого барбагандарга айып салуу боюнча мыйзам даярдоону сунуштагам (видео)

Президент: Шайлоого барбагандарга айып салуу боюнча мыйзам даярдоону сунуштагам (видео)

Депутаттарга шайлоого катышпаган жарандарга айыппул салууну караштырган мыйзам долбоорун жазууну сунуштагам. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Бишкектеги Элдик курултайда билдирди.

Элдик курултайда делегаттардын бири шайлоого жарандар аз барып жатканы тууралуу маселени көтөргөн. Садыр Жапаров суроого жооп берип жатып, Бишкектин Ленин району боюнча Жогорку Кеңешке шайлоо эки жолу өткөрүлгөнүн, бирок экөөндө тең жарандар шайлоого аз катышканын белгиледи.

«Президенттик же парламенттик шайлообу, эл абдан кайдыгербиз да. Шайлоо тилкесине 100 метр жакын жашаган адамдар да барбайт коет. Үйүндө отурат, барбайт. 20 мүнөтү гана кетет, кезек күтсө, 30 мүнөтү кетет. Ушунчалык кайдыгербиз, анан беш жыл бою шайланган президентти, депутатты «ушул туура эмес шайланды» деп сөгүп жүрүп өтөбүз. Бар, шайла, өзүңдүн позицияңды билдир! Бул сиздердин жарандык позицияңар да. Элдик курултайга келгендер да, элге жеткирип, «активдүү катышалы» деп айтыш керек.

Мен бул маселе боюнча депутаттарга «мыйзам жазып, шайлоого катышпагандарга административдик айып салалыбы» деп айткан элем. Түркияда да ушундай мыйзам кабыл алынып, кийин жоюшту. Бирок ал мыйзам 4-5 жыл иштеп, бүт баары активдешип, шайлоого барып калды. Мына азыр Түркияда элдин 80-90%ы шайлоого катышат», — деди ал.

Эскерте кетсек, буга чейин депутат Тазабек Икрамов президенттик жана парламенттик шайлоого катышпаган жарандарга 5 миң сом айыппул салуу боюнча мыйзам долбоорун жазып чыккан. Бирок кийинчерээк Тазабек Икрамов депутаттардын жана элдин сын-пикиринен кийин мыйзам долбоорун чакыртып аларын жана ал мыйзам долбоору толукталып иштелип чыгарын билдирген.

Кыргызстанда шайлоого катышпаган жарандарга айып салуу сунушталды   

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>