Аскердик прокуратура ӨКМдин мурдагы башчысы Урматбек Шамыркановго карата кылмыш ишин козгодуМуфтият: Орозо айт 20-мартта белгиленетАк-Бата конушунда 650 орундуу жаңы мектептин курулушу башталдыКыргызстан ITB Berlin 2026 көргөзмөсүндө туристтерди тартууга аракет кылуудаЖогорку сот журналист Махабат Тажибек кызынын өкүмүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого жөнөттүӨкмөт унаалар үчүн Кыргызстандагы тоннелдерден өтүү акысын бекитти
АКШ Кыргызстанга коронавирустан коргонуучу каражаттарды берет
11.03.2020 | 15:19
АКШ Кыргызстанга коронавирустан сактануучу каражаттарды берет. Каражаттар Саламаттык сактоо министрлигине тапшырылат. Аларды АКШнын Эл аралык өнүктүрүү агенттиги (USAID) тапшырат.
Жүктүн ичинде коргоочу каражаттар (операциялык маскалар, “N95” атайын маскалары, экзамендик кол каптар, коргоочу халаттар менен көз айнектер, ошондой эле дезинфекциялык каражаттар) бар.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун кызматкерлери ал каражаттарды колдонуунун эрежелерин түшүндүрүшөт.
Тараптар коронавирустун жайылып кетпеши үчүн кызматташтыктын башка түрлөрү боюнча сүйлөшүп, дайыма байланышта болуп турушат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом