Мамбетов: Жерүй кени боюнча конкурс ачык жана мыйзамдуу өткөн

Мамбетов: Жерүй кени боюнча конкурс ачык жана мыйзамдуу өткөн

2015-жылдагы Жерүй кени боюнча конкурс ачык жана мыйзамдуу өткөн. Бул тууралуу «Некс ТВ» каналына мамлекеттик ишмер, ошол комиссиянын мүчөсү Турдубек Мамбетов билдирди.

Мамбетов мындай пикирин 9-мартта бул багытта өз алдынча иликтөө жүргүзүүнү максат кылып айрым активистер тарабынан уюштурулган «элдик комиссиянын» отурумунда айткан.

“Коомдук комиссиянын отуруму өзү күмөн туудурат. 5 жыл мурунку Жерүй кенинде өткөн конкурстан кийин алтын өндүрүүчү фабриканын курулушу  жана 25 коштоочу объектин курулуш аяктап, 90 пайызы жергиликтүү элден турган 800 адам жумуш менен камсыз болду”, — деген ал.

Турдубек Мамбетов ошондой эле компания кен казуу ишин кызуу жүргүзүп жатканда буга окшогон темаларды көтөрө берүүнүн зарылдыгы жок деп эсептейт.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>