Согуштан кийинки дүйнө: баатыр шаарлар жана эс тутум тууралуу талаш-тартыштарБишкекте иттер сол салган баланы ооруканага жеткирген милиция кызматкери андан кабар алдыБишкекте ЖАМКтын подполковниги бассейнге чөгүп бараткан кызды сактап калды — чоо-жайыКыргызстандык спортчу Венгриядагы дзюдо турниринде биринчи орунду жеңип алдыЧуңкурчакта түлкүнү аткан жарандарга айып пул салындыБишкекте жол тандабас жөө өтмөктөн 25 жаштагы жаранды сүзүп кетип, ал каза тапты
АКШда кыргыз айдоочусун полиция атканы чын болуп чыкты
08.10.2021 | 16:58
АКШда кыргызстандык 28 жаштагы М.Н. полициянын огунан каза болду. Бул туурасында Тышкы иштер министрлиги маалыматты тастыктады.
Маалыматтарга караганда, АКШнын Пенсильвания штатында 5-октябрь күнү жергиликтүү полициянын огунан жараат алып, андан улам каза тапкан. Кыргызстандын АКШдагы элчилиги өлкөнүн Ички коопсуздук министрилигине жана мамлекеттик департаментке окуя туурасында сурам жөнөткөн. Ушул тапта жоопту күтүп жатат.
Маркумдун туугандары сөөгүн Кыргызстанга жөнөтү боюнча документтерин даярдап жатат.
Бул окуя Тышкы иштер министрликтин жана Кыргызстандын Америкадагы элчилигинин көзөмөлүндө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом