АКШ: Кыргыз фура айдоочусун полиция атып кетти (ВИДЕО)

АКШ: Кыргыз фура айдоочусун полиция атып кетти (ВИДЕО)

АКШнын Пенсильвания штатынын полициясы фура айдоочусун атып кетти. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазып чыкты. Социалдык тармактарда болсо, ал кыргызстандык деген маалыматтар айтылып жатат.

АКШнын күч органдары журналисттерге айтып бергенине караганда, Жерси-Шор менен Майл-Ран ортосундагы жолдогу айдоочулар эс ала турган жайда полицей тарабынан ок чыгарылган. Тоноого катыштыгы болгон үчүн айдоочуну кармаган. Күч органы фура айдоочусун колго түшүрүү үчүн унаадан түш деген буйрук беришкен, анын буйругун аткаруудан баш тартып эки полиция кызматкерин унаасы менен сүзгөн. Ошол маалда полиция  бир канча ок чыгарган, айдоочу жараатынан улам каза тапкан. Ал октон бир канча күч кызматкерлери жеңил жараат алышкан.

Каза тапкан айдоочу 27 жашта болгону белгилүү болду.  Ал Лангхорн аймагынан экен, бирок, анын расмий жердиги айтылган эмес.

Социалдык тармактарда тараган видеодо кыргызча “өлдү, өлдү” деген үндөрдү угууга болот.

Азырынча Кыргызстандын АКШдагы элчилиги бул туурасында маалымат тарата элек.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>