Аксыда мыйзамсыз сакталган 18 курал табылды — сүрөт

Аксыда мыйзамсыз сакталган 18 курал табылды — сүрөт

Аксыда ок атуучу куралдар текшерилип, профилактикалык иштер уланууда. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Президенттик шайлоону тынч өткөрүү максатында Жалал-Абад облусунун аймагындагы милиция тарабынан бир топ профилактикалык иштер жүргүзүлүп, мергенчилик курал-жарактар текшерүүгө алынууда.

Анын алкагында Аксы районунда да аталгандай текшерүү-түшүндүрүү иштери жүргөн.

Аксы району боюнча 53 мергенчилик 53 травматикалык жана 327 ок атуучу куралдар каттоого алынган.

Үстүбүздөгү жылдын 11-айынын жыйынтыгы менен Аксыда мыйзамсыз сакталып жүргөн 18 ок атуучу курал алынган. Анын ичинен 10 куралды ээлери өз ыктыяры менен тапшырган, ал эми 8 курал мыйзамсыз алып жүргөн жеринен алынып, тийиштүү чаралар көрүлгөн.

[su_image_carousel source=»media: 52614,52615,52616,52617,52618,52619,52620,52621″ crop=»none» autoplay=»4″]

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>