Аксыда жол тоскон эки жүздөй адам таратылды – видео

Аксыда жол тоскон эки жүздөй адам таратылды – видео

Аксыда октябрдагы башаламандык боюнча адилет иликтөө жүргүзүү талабы Аксы – Ала-Бука жолун тоскондор таратылды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин Басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка караганда, кечээ, 4-январь күнү саат 16:00 чамасында Аксы районунун Кербен шаарынын Ак-Дөбө  айылынын эки жүздөн ашуун  тургуну,  Аксы — Ала-Бука  автожолунун  тосушкан. Алар 2020-жылы 7-октябрь күнү Кербен шаарынын “Алтын казык” кинотеатрынын алдында болгон баш-аламандык  боюнча сотко чейинки өндүрүштүн  алкагында   Ак-Дөбө айылынын эки тургуну кармалганын айтып, бул окуя боюнча тергөөнү акыйкат жүргүзүү талаптарын коюшкан. 

Бул окуя боюнча топтолгон матераилдар, 4-январь күнү Аксы РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 265-беренесинин (Жолдорду мыйзамсыз тосуу) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

 Ошондой эле жергиликтүү милиция жол тоскондорго барып, коомдук коопсуздукту көзөмөлдөп, түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн.

Учурда жол боюна тигилген боз үйлөр алынып, Аксы – Ала-Бука жолу ачык, каттам өз нугунда жүрүп жатат.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>