Аксы районунун Жаңы-Жол айылында болгон окуучу кыздардын мушташынан кийин райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Угулай Зиябекова ээлеген кызматынан бошотулду.
Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун буйругу 20-ноябрда чыкканын министирликтин басма сөз кызматы билдирди.
Белгилей кетсек 10-11-классынын окуучу кыздарынын ортосундагы мушташ 18-ноябрь күнү саат 17-30 чамаларда болгон.
Аталган факты Жазык кодексинин “Ээнбаштык”беренеси менен Кылмыштардын джана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Эскертүү видеодо сөгүгөн сөздөр бар!