Бет кап, витрина жана 7 мүнөт: Луврдагы тоноо видеого түшүп калганЭкологиялык рейд учурунда жайыттарды бузган эки адамга айып белгилендиУбактылуу тынчтык бүттү. ЦАХАЛ Газа секторуна сокку урдуКыргызстандын ак май экспорту өсүүдөКувейт фонду Кыргызстандын айылдарын таза суу менен камсыздоого грант бөлөт. Президент макулдашууга кол койдуБишкекте КРВИ чалдыккандар көбөйдү — Республикалык жугуштуу оорулар ооруканасы эскертүү берди
“Актерду шылдыңдабагыла!”. Чокморовдун айкели бир аптадан бери ак матага оролуп турат
25.04.2024 | 13:20
Актер Сүймөнкул Чокморовдун Бишкектин борборундагы айкели бир аптадан ашык убакыттан бери ак кездемеге оролуп, ачылбай турат. Буга байланыштуу шаар тургуну Чолпон Кулмухамбетова социалдык тармак аркылуу мэрге кайрылды.
Ал эстиликтин ачылбай турушу маданиятсыздык экенин белгилейт.
“Бул борбор калаада болбой турган көрүнүш. Бир аптадан бери ушунтип турат”, – дейт ал.
Шаардыктар бул көрүнүштү актерду шылдыңдоо, кордоо катары кабыл алганын жазууда.
Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморовдун айкели 2017-жылы орнотулган. Бирок ал көпчүлүккө жаккан эмес. Коомчулуктун сын-пикири кабыл алынып, эстелик кайра жасала турган болуп, ал 2022-жылы алынган.
Жаңысын скулпьтор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом