Видео: Мурдагы чиновник УКМК кызматкерине 20 миң доллар сунуштаган

Видео: Мурдагы чиновник УКМК кызматкерине 20 миң доллар сунуштаган

Ош облусунун Кара-Суу районунун Шарк айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы пара берип жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Маалым болгондой, М.Б. аттуу жаран айыл өкмөт болуп турганда, трансформация болбогон жерди бөлүп берүү жөнүндө токтомду жасалмалап, Ачы айылынан курулуш компаниясына айыл чарба багытындагы 10 гектар жерди мыйзамсыз берген.

Аталган факт ачыкка чыкканда, ал маселени оң жагына чечүү үчүн УКМК кызматкерине 20 миң доллар пара сунуштаган.

Атайын кызматтын маалыматы боюнча, ал УКМК кызматкерине акчанын жарымын – 9,8 миң долларды берип жатканын кармалган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 345-беренесинин 3-бөлүгү (өзгөчө ири өлчөмдө пара берүү) менен кылмыш иши козголду.

Соттун чечими менен ал 23-апрелде УКМКнын тергөө абагына камакка алынды.

Тэги: Ош УКМК

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>