Кыргызстан АКШ жана Монголияга каршы: көк бөрү жана көкпар боюнча оюндардын тартибиЖК ишине кайтып жатат: УКМКнын жана Башкы прокуратуранын жетекчилери бекитилетПутин менен Пезешкиан Бишкекте Ирандын АКШ менен болгон «морт тынчтыгын» талкуулашты2-сентябрь: өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаайтСооданын өсүшү жана КММ жеткирүү: Жапаров менен Путин Бишкекте сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүАтом жана санарип: Путин менен Пашинян ШКУ саммитинде сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
“Актерду шылдыңдабагыла!”. Чокморовдун айкели бир аптадан бери ак матага оролуп турат
25.04.2024 | 13:20
Актер Сүймөнкул Чокморовдун Бишкектин борборундагы айкели бир аптадан ашык убакыттан бери ак кездемеге оролуп, ачылбай турат. Буга байланыштуу шаар тургуну Чолпон Кулмухамбетова социалдык тармак аркылуу мэрге кайрылды.
Ал эстиликтин ачылбай турушу маданиятсыздык экенин белгилейт.
“Бул борбор калаада болбой турган көрүнүш. Бир аптадан бери ушунтип турат”, – дейт ал.
Шаардыктар бул көрүнүштү актерду шылдыңдоо, кордоо катары кабыл алганын жазууда.
Белгилей кетсек, Сүймөнкул Чокморовдун айкели 2017-жылы орнотулган. Бирок ал көпчүлүккө жаккан эмес. Коомчулуктун сын-пикири кабыл алынып, эстелик кайра жасала турган болуп, ал 2022-жылы алынган.

Жаңысын скулпьтор Азамат Абдрахманов менен архитектор Нурсейит Мамбетказиев жасады.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом