БШК Гүлсүнкан Жунушалиеваны жеке арызынын негизинде депутаттык мандатынан ажыраттыМектеп жетекчилеринен акча талап кылып келген. Нарын шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы кармалдыКыргызстанда электрондук капчыктарды расмий түрдө мураска калтыруу пландалуудаЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыЖогорку Кеңештин комитети КОСУнун 15 млрд рублдик жаңы кампусун куруу долбоорун жактырдыТаштанды астындагы кенч: VII кылымдагы тыйын Бишкектин тарыхын жаңыдан жазууда
Актёр Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты – түз эфир
19.12.2022 | 11:04
Бүгүн, 19-декабрда Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында КРнын эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты өтүп жатат.
Актёр оорудан улам 17-декабрда көз жумган. Маркумдун сөөгү Ала-Арча көрүстөнүнө коюлат.
Мурадиллаев 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган.
Ошол эле жылы Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрына артист катары кызматка алынып, ошол күндөн ушул күнгө чейин үзгүлтүксүз бир жерде эмгектенип келген.
Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: Жаңылыктар, Коом