Баткен: Аткезчилик жол менен спирт ташып келе жаткандар кармалды

Баткен: Аткезчилик жол менен спирт ташып келе жаткандар кармалды

Баткен облусунда коңшу мамлекеттен Кыргызстанга спиртти мыйзамсыз ташып келе жаткан жарандар кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 18-декабрга караган түнү Лейлек районунда коңшу өлкөдөн Кыргызстандын аймагына спирт ташып келе жаткан эки кыргыз жараны кармалган.

«УКМКнын Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Лейлек районунун Алга айылынын аймагынан, мамлекеттик чек ара сызыгына жакын жерден УАЗ «Хантер» унаасы кармалган. Унаанын ичинде Кыргызстандын эки жараны А.С. жана Н.А. болгон. Текшерүү учурунда унаанын ичинен спирт бар 3 челек табылган. Жыйынтыгында бул жарандар аткезчилик жол менен алып өтүүгө тийиш болгон жалпы көлөмү 1000 литр спирттин 600 литрин мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылгандыгы аныкталды», — деп айтылат маалыматта.

Чогулган материалдар маалыматтарды каттоо журналына катталып, анын алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>