Акылбек Жапаров Ош ЖЭБине барды

Акылбек Жапаров Ош ЖЭБине барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ош облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында Ош шаарындагы жылуулук электр борборуна барды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Министрлер Кабинетинин башчысы объектинин абалы менен таанышып, жылытуу мезгилинен ийгиликтүү өтүү үчүн резервдик жабдыктардын жана отун запастарынын жетиштүү экендигинен кабар алды.

Ош шаардык ЖЭБ директору Нурлан Арапбаев ишканадагы жабдуулар штаттык режимде иштеп жатканын, жылуулук жана электр энергиясын иштеп чыгуу жана камсыздоодо мүчүлүштүктөр жок экенин белгиледи.

330 көп кабаттуу үйдү, 199 турак-жайды жана 88 социалдык объектини жылуулук жана электр энергиясы менен камсыздоочу 2 турбоагрегатор, 2 трансформатор, 2 ысык суу казандары иштеп жатат.

Ал ызгардуу суук мезгил өтүп кеткени менен энергетиктер ишти күчөтүлгөн режимде улантуусу тийиш экендигин белгиледи.

Акылбек Жапаров жылытууну акырындык менен борборлоштуруудан алыстатуу зарылдыгын белгилеп, жаңы турак жайларды долбоорлоодо автономдуу отканалар каралышы керектигин кошумчалады.

Андан соң министрлер кабинетинин башчысы Ош шаарынын борбордук көчөлөрүндөгү унаа тыгындары көйгөйүн чечүүгө мүмкүндүк берүүчү «Т» формасындагы жолдун долбоору менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысына шаардын жүктөмүн жеңилдетүү боюнча бир нече варианттар сунушталды.

«Эсептөө иштерин тездетип, быйылкы жылы долбоорду капиталдык салымдар беренесине киргизүү керек», — деди Акылбек Жапаров.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>