Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташыган топ кармалды — видео

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташыган топ кармалды — видео

Тажикстандан Кыргызстанга баңгизат ташып жүргөн улуттар аралык уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, ыкчам иштердин натыйжасында милиция кызматкерлери баңгизат менен алектенген кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармашты. Алардан 12 килограммдан ашык “гашиш” баңгизаты алынды.

Ыкчам иштердин жүрүшүндө ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери  Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери менен биргеликте Тажикстандан Кыргызстандын аймагына “гашиш” баңгизатын ташуу  менен алектенген улуттар аралык баңги тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшту. Алар Кыргызстанга баңгизатты алып келгенден кийин, андан ары сатышмак.

Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинде көрсөтүлгөн кылмыш белгилери боюнча кылмыш ишинин алкагында 2023-жылдын 13-январында саат 19:00 чамасында Чүй облусунун Сокулук районундагы мечиттердин биринин жанында “гашиш” (афган чарсы) баңгизатын сатууга аракет кылып жатышкан 1968-жылы туулган Г.К. менен 1964-жылы туулган А.Х. кармалды. Жаран 1968-жылы туулган Г.К. уюшкан кылмыштуу баңги тобунун мүчөсү катары ИИМдин Маалыматтык технологиялар башкы башкармалыгынын ыкчам каттоосунда турган.

Атайын жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө амалдарынын жүрүшүндө скотч менен оролгон, 12 таңгактагы  өзгөчө жыты бар күрөң түстөгү 12 кг 170 граммды түзгөн баңгизат табылып алынган.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам-тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>