Кыргызстанда курулуш тармагына насыя берүү 3,5 эсеге өстүКеректөө насыялары банктардын сегиз айдагы насыяларынын 45%ын түздүБишкекте мамкызматкерлерди медициналык текшерүүдөн өткөрүү боюнча пилоттук долбоор башталдыКыргызстандын банктары сегиз айда 381 млрд сомдук насыя бериштиУлуттук филармонияда «Сүймөнкул» мюзикли кайрадан коюлатЕвробиримдик Кыргызстанга билим берүү реформаларын колдоо үчүн дээрлик 600 млн сом бөлдү
Бажы кызматкерлери бюджетке 6 млн сом зыян келтиргени аныкталды
17.01.2023 | 13:23
Мамлекеттик бажы кызматынын Контрабандага каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын кызматкерлери “Ф. Я.” ЖЧК дарегине 2017-жылы мыйзамсыз жер казуу боюнча атайын машиналар келгенин аныкташкан. Бул тууралуу Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, товар убактылуу ташып келүү жол-жобосу боюнча бажылык тариздөөдөн өткөрүлгөн. Аталган транспорттук каражат ЕАЭБдин башка аймагына чыгарылбастан жана андан ары бажылык тариздөөсүз Кыргызстанда турат.
“Аталган ишкана ЕАЭБдин Бажы кодексинин талаптарына жооп берген эмес. Анын негизинде Кыргызстандын бюджетине 6 845 484 сом өлчөмүндө зыян келтирилген”,-деп айтылат маалыматта.
Бул мыйзам бузуу фактысы каттоого алынып, чогултулган материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилди.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Коом