29-мартка карата аба ырайыЭл аралык олимпиада комитети аялдар арасындагы мелдештерге трансгендерлердин катышуусуна тыюу салдыБишкекте Кожевенная көчөсү оңдоого жабылатКыргызстанда органдарды трансплантациялоо программасы кеңейтилүүдө: бөйрөк бекер алмаштырылат, кезекте — боорКыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулу алмашты28-март: Күн ачык жана жылуу болот
Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери менен жолугушту
08.02.2022 | 09:51
Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жогорку Кеңештин фракция лидерлери жана тармактык комитеттеринин төрагалары менен жолугушту. Бул тууралуу минкабтын басма сөз кызматы билдирди.
Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөнүн социалдык саясатынын жана экономикалык өнүгүүсүнүн артыкчылыктуу маселелери, Министрлер Кабинети тарабынан кабыл алынган чечимдер боюнча пикир алмашуу жүрдү.
Иш-чаранын катышуучулары аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлик бутактарынын өз ара аракеттенүүсүн жакшыртуу максатында мындай жолугушууларды ай сайын өткөрүп турууну макулдашышты.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат