Акылбек Жапаровдон кийин иниси кызматтан кетти (видео)

Акылбек Жапаровдон кийин иниси кызматтан кетти (видео)

Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасынын орун басарсы Жапаров Рахатбек Үсөнбекович кызматтан кетти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал өз каалоосу менен жазган арызнын негизинде ээлеген кызматынан бошотулган. Бул кызматта ал 2020-жылдын 16-октябрынан бери иштеди.

Белгилей кетсек, Рахатбек Жапаров мурдагы өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун иниси. Былтыр сентябрда ал президенттин колунан генерал-майор наамын алган.

Ал эми агасы былтыр 16-декабрда өкмөт башчы кызматынан кеткен.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>