Акыркы суткада үч адам сууга чөгүп каза болду

Акыркы суткада үч адам сууга чөгүп каза болду

Жумгал  районунун Байзак айылынын Кара-Кече тилкесинде жайгашкан каналга 15 жаштагы өспүрүм чөгүп кетип каза болду. Бул тууралу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлайт.

Куткаруучулар окуя болгон жерге барып, баланын сөөгүн суудан чыгарып милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Ушундай эле кайгылуу окуя Манас районунун Чеч-Дөбө айылында болгон.

Андагы маалыматта айтылгандай, 3-июнь күнү саат 15:35 чамасында айылдагы  “Саратай” көлүнө 18 жаштагы бала чөгүп кеткен.

Издөө иштерине  40тан ашык адам тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан чыгарышкан.

Ушул эле күнү Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы Кара-Жыгач айылындагы Кара-Суу суусунан 1951-жылы туулган  эркек кишинин жансыз денесин табылган. 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>