Акыркы суткада өлкө боюнча 10 өрт кырсыгы катталды

Акыркы суткада өлкө боюнча 10 өрт кырсыгы катталды

Сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 12 бөлүм жиберилген. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы кабарлайт.

Кырсык катталган аймактар:

  • Ош шаарында – 2;
  • Ысык-Көл облусунда – 1;
  • Баткен облусунда – 1;
  • Ош облусунда – 1;
  • Нарын облусунда – 1;
  • Талас облусунда – 1;
  • Жалал-Абад облусунда – 1.

Сутка ичинде катталган ири өрт кырсыктар:

  • Ош шаарынын Ленин көчөсүндө жыгач устундуу темир жабылган турак үйдүн 100 чарчы метр чатыры, аянты 46 чарчы метр болгон эки бөлмөсү жана үй буюмдары күйгөн;
  • Ош облусунун Араван районундагы Жаңы-Алыш айылында турак үйдүн 120 чарчы метр болгон 3 бөлмөсү толук күйгөн;
  • Талас шаарындагы Ырысалиев көчөсүндө эки кабаттуу турак үйдүн 3 чарчы метр жыгач полу жана шыбы күйгөн;
  • Токмок шаарынын Садаев көчөсүндө барак түрүндө салынган турак үйдүн батиринин 8 чарчы метр от жагуучу бөлмөсү толук күйгөн.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>