Акыркы суткада 119 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек – 51, Ош – 1, Чүй облусу – 28, Ош облусу – 10, Талас облусу – 4, Нарын облусу – 5, Ысык-Көл облусу – 18, Жалал-Абад облусу – 2.
Бүгүнкү күндү кошо алганда өлкө аймагы боюнча жалпы 80 миң 654 адамга вирус жуккан, анын 75 миң 334ү сакайды.
Ал эми соңку суткада 4 киши илдеттен каза болду, буга чейин жалпы 1 миң 353 адам коронавирустун курмандыгы болду.