Акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 470 адамдан илдет аныкталды. Бул тууралуу штабдан билдиришти.
Бир сутка ичинде COVID-19 U07.1 жана пневмониянын катталган жаңы учурлары аймактар боюнча: Бишкек — 98
⚡️Ош — 38
⚡️Чүй облусу – 32
⚡️Ош облусу — 97
⚡️Талас облусу — 7
⚡️Нарын облусу — 1
⚡️Ысык-Көл облусу – 17
⚡️Жалал-Абад облусу – 98
⚡️Баткен облусу — 82.
Бүгүнкү күнгө чейин 51 миң 490 киши коронавирус жуктурду, анын 45 миң 509у сакайды.
Ал эми соңку суткада вирустан 5 киши каза болду. Буга чейин жалпы 1 миң 108 адам көз жумду.