АКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштүШакиранын Бишкектеги концерту: 18-октябрда милиция күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөйт
Канат Келдибеков орусиялык мушкер Александр Матмуратов менен беттешет
17.10.2020 | 13:59
“Тайсон” каймана аты менен таанымал болгон Кыргызстандын мушкери Канат Келдибеков орусиялык мушкер Александр Матмуратов менен беттешет. Бул тууралуу «ACA» уюму расмий сайтына жарыялаганын “Марал” жазды.
Маалым болгондой, эки мушкердин беттеши ACA-113 турниринин алкагында 6-ноябрда Москва шаарында өтөт.
Белгилей кетсек, Канат Келдибеков бул уюмда 4 жолу беттеш өткөрүп, анын экөөндө жеңишке жетип, экөөндө жеңилип калган. Ал эми 31 жаштагы Александр Матмуратов 3 беттеш өткөрүп, үчөөөндө тең жеңишке жеткен.
Рубрики: Жаңылыктар, Спорт