Дастан Бекешев Кыргызстандагы эң курч көйгөйлөрдү айтып бердиКыргызстанда мамлекеттик кызматкерлер үчүн спорттук реалити-шоу ишке киргизилүүдөБалет артисттери жана бий жамааттары өзгөчө эмгек шарттары үчүн пенсия алуу укугуна ээ болуштуТормозсуз жол кырсыгы: айдоочу эки унааны сүзүп, кетип калды24-январь: Кар жаабайт, бирок суук болотСадыр Жапаров курулушчулардан ачык-айкындуулукту жана жарандардын алдындагы милдеттенмелерин так аткарууну талап кылды
Акыркы жолу Ош базардан көрүшкөн. Карим Ондобеков изделүүдө
08.04.2022 | 15:31
Сокулук районунун ички иштер башкармалыгы дайынсыз жоголгон 1982-жылы туулган Ондобеков Карим Аликовичти издеп жатат. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2021-жылдын ноябрь айында Сокулук районуна иштөө үчүн келип, дайынсыз жоголуп, 2022-жылдын 27-28-февралында байланышка чыккан. Күбөлөрдүн айтымында, аны акыркы жолу Ош базарынын жанынан көрүшкөн.
Белгилери: бою 168-170 см, орто дене түзүлүштө, чачы кара кыска, көздөрү кара тегерек, сакал-муруту болушу мүмкүн.
Кийген кийимдери: кара күрмө, кара шым, кара көк түстөгү кроссовка болгон.
Милиция Ондобековдун жүргөн жери тууралуу маалыматы барларды 0(312) 60-75-67, 0(705) 67-39-39 телефондоруна байланышууну суранат.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом