Испан ишканасы Ысык-Көлгө күн электр станциясын куруп калышы мүмкүн

Испан ишканасы Ысык-Көлгө күн электр станциясын куруп калышы мүмкүн

Ысык-Көл облусунда 260 МВт күн электр станциясын жана ГЭСти куруу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюу аземи болуп өттү. Бул туурасында Минисрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, документке Кыргызстандын Министрлер кабинетинин атынан Энергетика министри Доскул Бекмурзаев жана «EcoEner» испан энергетикалык компаниясы кол койгон.

Меморандумга кол коюу аземи «Кыргызстандын энергетика секторун трансформациялоо» форумунун алкагында өттү.

Президент Садыр Жапаровдун энергиянын кайра жаралуучу булактары жаатындагы долбоорлорду өнүктүрүү боюнча тапшырмасын аткаруу алкагындагы аракет.

Маалымдама: «EcoEner» энергетикалык компаниясы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагында гана иштейт.

Компания Испания Королдугу, Сербия Республикасы, Гондурас Республикасы, Гватемала Республикасы, Доминикан Республикасы, Панама Республикасы, Колумбия Республикасы, Эквадор Республикасы, Кения Республикасы, Грузия сыяктуу өлкөлөрдө ийгиликтүү иш алып барууда.

Уюм жалпы кубаттуулугу 355 МВт жана иштелип жаткан 1522 МВт кубаттуулуктагы станцияларга ээ. Компания электр энергиясын өндүрүүдө алдыңкы дүйнөлүк технологияларды жана заманбап жабдууларды пайдаланат.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>