Сыдыков: Кумтөр окуясынан соң тоо-кен инвесторлору тынчсыздана баштады

Сыдыков: Кумтөр окуясынан соң тоо-кен инвесторлору тынчсыздана баштады

Тоо-кен тармагындагы инвесторлор Кумтөр кениндей кылып мамлекетке алып албайбы деп бийликтен тынчсызданууда. Бул туурасында Кыргызстандын Эл аралык ишкерлер кеңешинин аткаруучу директору Аскар Сыдыков Саясат порталына берген маегинде билдирген.

Анын айтуусуна караганда, Бизге “биздин долбоорду кайра карашпайбы, мамлекетке өткөргүлө деп чыкпайбы”- деп кайрылып жатышат. Тоо-кен тармагындагы компаниялар биздин соода өнөктөш өлкөлөргө- Орусия, Казакстан, Түркия жана Кытайга таандык эмеспи. Бул өлкөлөрдүн өкмөттөрү бул жаатта да тынчсыздануусун билдирип жатат.

Ошондой эле тоо-кен тармагы 15-20 жылда гана пайда бере турган тармак экенин белгилеп, мамлекет тарабынан инвесторлор үчүн кепилдиктер берилиши керектигин, болбосо инвесторлордун коопсуздугу сакталбай, Кыргызстанга келүүдөн коркуп калаарын эскертти.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>