Акжол Махмудов быйыл да дүйнө чемпионатын утууну көздөөдө

Акжол Махмудов быйыл да дүйнө чемпионатын утууну көздөөдө

Кыргызстандын грек-рим балбаны Акжол Махмудов быйыл да дүйнө чемпионатын утууну көздөөдө. Бул тууралуу ал Алматыдагы Professional Wrestling League-8 (PWL-8) мелдешинен кийин билдирген.

Махмудов анын быйылкы башкы максаты дүйнө чемпионатын утуу экенин айткан.

Ошондой эле ал 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Олимпиада оюндарына катышып, жеңишке жетүүнү көздөп жатканын билдирген.

Эскерте кетсек, күрөш боюнча дүйнө чемпионаты быйыл 13-21-сентябрда Хорватияда өтөт.

Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын күмүш жана коло байге ээси, эки жыл катары менен дүйнө чемпионатын уткан (2022, 2023-жыл), Азия оюндарынын жеңүүчүсү жана күмүш байгесинин ээси, Азиянын үч жолку чемиону, бир жолу күмүш уткан.

Махмудов Алматыдагы PWL-8 мелдешинде жеңишке жетти (видео)

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>