Гуманитардык сабактардын мугалимдери айлыгы төмөн экенине нааразыНоокенде бала бакчада 80 литрлик бойлер жарылып, имарат катуу жабыркадыБалыкчы — Кочкор темир жол тилкеси 2026-жылдын августунда ишке киргизилет – «Кыргыз темир жолу» УК»Ысык-Ата районундагы «Туз» суу сактагычынын сыйымдуулугу эки эсеге көбөйөтЧет өлкөлүк жарандар балдарын мектепке 1-класска кантип каттай алышатЧүйдө «Асыл Тери» терини кайра иштетүүчү заводунун курулушу башталды
Ала-Арча капчыгайында жабыркан альпинист куткарылды (видео)
08.11.2023 | 17:04
Ала-Арча капчыгайындагы Рацек чокусунда кырсыкка учураган россиялык альпинист куткарылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, 41 жаштагы альпинист 4 миң 300 метр бийиктиктеги чокуга чыгып бара жатып бутунан жаракат алган. Ага жардам берүүгө авиация кызматы тартылып, чет өлкөлүк жаранды тик учак менен деңиз деңгээлинен 3 миң 900 метр бийиктиктен алып түшүшкөн.
Куткаруучулар альпинистти ооруканага жеткиришти.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар