Ошто Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен 9 жаштагы бала кайтарылды

Ошто Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткен 9 жаштагы бала кайтарылды

Ош облусунун Араван районунда 9 жаштагы бала Өзбекстандын аймагына өтүп кетип, аны коңшу өлкөнүн чек арачылары кармап кеткен. Азыркы тапта 9 жаштагы бала Кыргызстанга кайтарылган. Бул тууралуу Reporter.kg’ге облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, 3-ноябрда райондук милицияга Төө-Моюн айыл аймагынын 9 жаштагы М.И. аттуу тургуну дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Издөө иштеринин жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан баланы Өзбекстандын чек арачылары кармап кеткени белгилүү болгон. Милициядан билдиришкендей, бала жашаган Төө-Моюн айыл аймагы Өзбекстан менен чектеш болгондуктан, жеткинчек чек арага жакын барып калганда, аны Өзбекстандын чек арачылары кармап, чек ара постуна алып кетишкен.

«Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жана Араван райондук ички иштер бөлумүнүн кызматкерлери коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, өз кезегинде коңшу өлкөнүн укук коргоо органдары 9 жаштагы жаш өспүрүм М.И.ни кайтарып беришти. Учурда жаш өспүрүм сак-саламатта туугандарынын колуна тапшырылды», — деп билдиришти милициядан.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>