Ала-Арчада чет элдик эки пенсионер буттарын кокустатып алган
Чүйдөгү Ала-Арча капчыгайында эки чет элдик турист аял буттарын кокустатып алган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, 21-августта ӨКМге Ала-Арча капчыгайындагы Жарылган-Жүрөк тоосунда Украинанын 67 жаштагы Ж.Н. аттуу жараны жана капчыгайдагы шаркыратмага жакын жерде Чехиянын 71 жаштагы К.Д. аттуу жараны буттарын кокустатып алышкандыгы тууралуу маалымат түшкөн.
Жерине Бишкек шаардык куткаруу кызматынан 6 кызматкер тартылган.
“Куткаруучулар жеткенге чейин Украина өлкөсүнүн жаранын “Ала-Арча” улуттук жаратылыш паркынын кызматкерлери “тез жардам” кызматкерлерине өткөрүп беришкен”, – деп айтылат маалыматта.
Ал эми Чехия өлкөсүнүн жаранын куткаруучулар тоодон түшүрүп, №4 шаардык клиникалык ооруканасына жеткиришкен.
“Учурда чет өлкөлүк аял туристтердин абалы канааттандырарлык”, – деп айтылат маалыматта.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз