Милиция: Ошто Бишкектин тургуну баңгизат менен кармалды

Милиция: Ошто Бишкектин тургуну баңгизат менен кармалды

Ош шаарында Бишкектин тургуну дээрлик 3 кг баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу шаардык милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, 20-августка караган түнү саат 01:00до милициянын кайгуул кызматкерлери 45 жаштагы жаран (К.М.) айдаган Honda Fit унаасын токтоткон. Ага айдоочунун унааны айдоо манерасы, милиция кызматкерлерине жасаган мамилеси, сырткы келбети баңгизат колдонгон деген шек туудурганы себеп болгон.

Кайгул кызматкерлери жерине ыкчам-терөө тобун жана Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлерин чакырган.

Милициядан билдиришкендей, күбөлөрдүн катышуусунжа унаанын ичинде тинтүү жүргүзүлүп, алдыңкы жүргүнчү отурган орундун алдынан баштыкка оролгон зат табылып алынган. Соттук-химиялык экспертизага ылайык, табылын алынган зат «нашаа» болуп чыккан. Анын салмагы 2 кг 956,6 граммды түзгөн. Кармалган жаранды наркологиялык текшерүү учурунда анын баңгизат колдонгондугу аныкталган. Ал мурда соттолгон.

Шектүүгө карата Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин 3-бөлүгү (баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу, жөнөтүү, жана сатып өткөрүү) боюнча кылмыш иш козголгон.

21-августта Ош шаардык сотунун чечими менен шектүү 20-октябрга чейин камакка алынган.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Тэги: Милиция Ош

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>