Бишкекте майыптыгы бар балдар үчүн жайкы спорттук машыгуулар уюштурулду«Асман Эйрлайнс» Ысык-Көл менен Баткендин ортосундагы алгачкы түз каттамды аткардыЭмгек министрлиги: Жыл башынан бери 7 миңден ашуун үй-бүлө менен социалдык контракт түзүлдүУлуттук тарых музейи менен Франция музей адистерин биргелекте окутатКыргызстан менен Кытай 11 биргелешкен долбоорду ишке ашырууну талкуулашты2026-жылы КРСУну 1000ден ашуун студент аяктады: бүтүрүүчүлөр жана жумушка орношуу көрсөткүчтөрү
Дыйкан-фермерлерге 3,25 млрд сомго насыя берилген
22.08.2023 | 09:29
“Айыл чарбасын каржылоо-11” долбоору боюнча быйыл 18-августка карата 2 категория боюнча 3 млрд 252,2 млн сомго 7 миң 238 насыя берилди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди.
Белгилүү болгондой, насыялар өсүмдүк өстүрүү жана мал чарбачылыгы категориясы боюнча берилген.
1. Өсүмдүк өстүрүү категориясы боюнча жалпы 846 млн 168 миң сомго 2 миң 18 насыя:
– “Айыл Банк” аркылуу 474 млн 273 миң сомго 1 миң 106 насыя;
– “РСК Банк” аркылуу 371 млн 895 миң сомго 912 насыя.
2. Мал чарбачылык категориясы боюнча жалпы 2 млрд 406 млн 632 миң сомго 5 миң 220 насыя:
– “Айыл Банк” аркылуу 1 млрд 171 млн 332 миң сомго 2 миң 491 насыя;
– “РСК Банк” аркылуу 1 млрд 234 млн 700 миң сомго 2 миң 729 насыя.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз