4-мартка карата аба ырайыКыргызстан Сауд Арабиясынан жарандарды кайтаруу үчүн Жидда – Ош каттамын жандантатПрезидент Кыргызстандын Катардагы элчисин дайындадыЖогорку Кеңеште антикинолорду жабуу сунушталдыКыргызстандыктар БАЭден Оман аркылуу эвакуацияланат — Садыр ЖапаровБишкекте Ирандын элчилигинин алдында тилектештик акциясы өтүүдө
“Ала-Арчада” бутун сындырган россиялык турист куткарылды
07.07.2025 | 09:20
Кечээ, 6-июлда Чүй облусунун Аламүдүн районунда жайгашкан “Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркында бутун сындырып алган россиялык жаран ӨКМге кайрылган.
Министрликтин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Куткаруучуларды даярдоочу мамлекеттик борборунун нөөмөттөгү 5 куткаруучусу тартылып, жабыркаган жаранга биринчи медициналык жардам көрсөтүп, аны тоодон түшүрүшкөн.
Эске салсак, жайкы эс алуу маалында коопсуздукту камсыз кылуу максатында, ӨКМ министри Бообек Ажикеевдин тапшырмасы менен “Ала-Арча” паркында куткаруучулардын нөөмөтү уюштурулган.
Рубрики: Жаңылыктар