Мурат Бейшенов: Эл аралык укук жоголуп, эл аралык күч гана калдыЖогорку Кеңеште тилемчилик үчүн жоопкерчиликти караган мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алындыЖККУда аскердик түзүмдөрдү жана продукцияларды ташуунун жаңы эрежелери күчүнө кирдиӨКМ: Жакынкы сааттарда Бишкекте жана Чүй өрөөнүндө катуу шамал болотЭльвира Сурабалдиева 8-мартта өтө турган аялдар жүрүшүнө уруксат берүүнү сурандыСауд Арабиясынан эки авиакаттам аркылуу 210 жаран алынып келинүүдө
Алайда мамлекетке кайтарылган 8 сотых жер эки томолой жетим балага берилди
18.12.2024 | 09:16
Ош облусунун Алай районунда жеке менчикке мыйзамсыз берилген жер мамлекетке кайтарылып, эки жетим балага берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Гүлчөнүн айыл өкмөтү 2021-жылы 22-декабрда 8,36 сотых жер тилкесин мыйзам бузуу менен бир жаранга бөлүп берген. Прокуратура ал боюнча сотко кайрылып, жер муниципалдык менчикке кайтарылган.
Андан кийин прокуратура аталган жерди 4 сотыхтан экиге бөлүп, Гүлчөдөгү эки томолой жетим балага үй куруу үчүн берүү сунушу менен жергиликтүү бийликке кайрылган.
Жыйынтыгында 16 жаштагы М.Р. жана 17 жаштагы А.Г. аттуу эки томолой жетим бала 4 сотыхтан жер алган.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом