Алайда сүт-товар фермасынын жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

13.04.2025 | 10:24

Алай районундагы сүт-товар фермасынын жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК шаарлардын жана райондук борборлордун мурда мыйзамсыз алынган инфраструктуралык объекттерин мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча  жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында Ош облусунун Алай районундагы сүт-товар фермасына таандык болгон 0,75 гектар жер тилкеси, убагында мыйзамдарды бузуу менен менчиктештирилип кеткендиги  аныкталды.

Бул факт боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүп, натыйжада жогоруда көрсөтүлгөн сүт-товар фермасынын жер участогу  ыктыярдуу түрдө мамлекеттин балансына кайтарылды.

Мыйзамсыз менчиктештирилген объекттерди аныктоо жана мамлекеттин менчигине кайтаруу боюнча иш-чаралар улантылууда.

[image_carousel source=”media: 220583,220584,220585″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top