18-октябрь: өлкөнүн айрым аймактарында жамгыр жаайтАКШнын мамкатчысы Марко Рубио соода кызматташтыгын өнүктүрүү үчүн Борбор Азияга келе жататБишкектин Достук айыл өкмөтүнүн мурдагы башчысы жер тилкелери боюнча алдамчылыкка шектелүүдөСадыр Жапаров ЮНЕСКОнун башкы директору Халед Аль-Анани менен жолугуштуЧүй облусунун ооруканаларына үч тез жардам унаасы тапшырылдыЕреванда Садыр Жапаров менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян сүйлөшүүлөрдү өткөрүштү
Бишкекте каршы тилкеге чыккан айдоочуга айып салынды
13.04.2025 | 09:12
Бишкек шаарында каршы килкеге чыккан айдоочу айыпка жыгылды.
ЖКККББнын басма сөз кызматы билдиргендей, социалдык тармактарда Toyota Land Cruiser үлгүсүндөгү унаа карама-каршы тилкеде бара жаткандыгы боюнча видео тасма тараган.
Бул факты боюнча Бишкек шаардык кайгуул кызматкерлери ыкчам түрдө аталган унааны таап, 15 миң сом айып салуу менен айдоочусуна түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.
«Ушундай терс көрүнүштөрдөн улам 1-сентябрдан тартып, жол эрежелерин билбеген айдоочуларды кайрадан экзаменге жөнөтүү талабы келип чыгууда!», – деп эскертет ЖКККБ.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар