Алайдын Сары-Таш айылында 87 млн сомго жаңы мектеп курулду

12.10.2024 | 17:53

Мамкурулуш тарабынан Ош облусунун Алай районунун Сары-Таш айылындагы 150 орундуу Т.Эсенов атындагы мектептин курулушу бүткөрүлдү. Бул тууралуу аталган ведомстводон билдиришти.

Маалыматка караганда, мектептин курулушу 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган.

Долбоор боюнча Г формасында 3 блоктон турган, эки кабаттуу окуу корпус, китепкана, жыйындар зал, медициналык бөлмө, ашкана, өтмө галерея жана спорттук зал каралган. Жалпы аянты 956 чарчы метрди түзөт.

Курулуш-монтаждоо иштери “Эрбол Строй Сервис” ЖЧКсы тарабынан аткарылды. Мектептин курулушунун наркы 87 млн сомду түзөт.

[image_carousel source=”media: 215003,215004,215005,215006″ limit=”20″ slides_style=”photo” controls_style=”dark” crop=”none” columns=”1″ adaptive=”yes” spacing=”yes” align=”none” max_width=”none” captions=”no” arrows=”yes” dots=”yes” link=”none” target=”blank” autoplay=”4″ speed=”medium” image_size=”large” outline=”yes” random=”no”]

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: Жаңылыктар
Scroll to Top