Аламамбет Шыкмаматов Салык кызматынын төрагасы болду

Аламамбет Шыкмаматов Салык кызматынын төрагасы болду

Аламамбет Шыкмаматов Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы болду. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти.

Шыкмаматовду эмгек жааматына өкмөт башчынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев тааныштырган.

Алмамбет Шыкмаматов буга чейин юстиция министри, Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси, Жогорку Кеңештин депутаты болгон. Ошондой эле Мамлекеттик ипотекалык компаниянын жетектеп, андан кийин президенттин кеңешчиси болуп келген.

Эскерте кетсек, УКМК Салык кызматынын буга чейинки башчысы Алтынбек Абдувапов баштаган салыкчылар акциздик маркалар боюнча коррупциялык схема үчүн кармалганын кабарланган. Анда кийин ал кызматтан алынган.

Салык кызматынын төрагасы менен орун басары 20-январга чейин камакка алынды

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>