Бишкек шаарынын Аламүдүн-1 кичи районунун №59 көп үйдүн 8-кабатындагы батирден өрт чыкты. Бул тууралуу Reporter.kg’ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Өрт боюнча маалымат 11.59гө кабарланган. Окуяга болгон жерде ӨКМдин эки бөлүмү иштеп жатат.
Күбөлөрдүн айтымында, батирдеги 4 жана эки жаштагы бала куткарылды.
Саат 13.00гө өрт толук өчүрүлдү.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз