Аккордеондо ойноп, ыр созолонткон милициянын старшинасы Дамирбек (видео)

Аккордеондо ойноп, ыр созолонткон милициянын старшинасы Дамирбек (видео)

«Эл ичи — өнөр кенчи» демекчи таланты менен көпчүлүктү суктандырган адамдар элдин арасынан чыгат. Чыгармалчыкка жакын, өнөрлүү адамдар элдин коопсуздугун карап, кызмат кылган милиция кызматкерлеринин катарында да бар. Баткенде кызмат кылган милициянын старшинасы Дамирбек Өмүрбай уулу аккордеондо ойноп, обондуу ырларды мыкты аткарат.

Баткен облустук милициянын басма сөз кызматы 1-ноябрь — Милиция кызматкелеринин майрамына карата Дамирбек Өмүрбай уулу маек уюштурган.

— Саламатсызбы, өзүңүз жөнүндө айта кетсеңиз?

— Мен 1995-жылы Баткендин Лейлек районунун Тогуз-Булак айылында жарык дүйнөгө келгем. 2017-жылдан 2020-жылга чейин Бишкек шаарында жайгашкан ИИМдин Атайын багыттагы полкунда, 2020-2021-жылдар аралыгында ушул эле полктун Баткен шаарындагы өзүнчө ротасында, андан соң бир жыл Баткен облустук милициясынын кайгуул-күзөт кызматынын өзүнчө ротасында кызмат өтөдүм. 2022-жылдан бери Лейлек райондук милициясынын нөөмөт бөлүмүндө нөөмөтчүнүн жардамчысы кызматында иштейм.

— Милиция кесибин кантип тандап калдыңыз?

— Мен милиция болушума ата-энем түрткү болду. Анткени ата-энем ар дайым «элге кызмат кылган, элге жардамың тийген инсан бол!» деп бата берчү. Мен ойлонуп жүрүп, элге жакын кесиптердин бири болгон милиция кызматын тандоону туура көрдүм. Ата-энем дагы менин тандоомду кубануу менен кабыл алып, баталарын беришкен. Азыр кесипти туура тандаптырмын деп ойлойм. Себеби милиция эл үчүн кызмат кылат.

— Милицияда жаңыдан иштеп баштаганда кандай кыйынчылыктарга туш болдуңуз?

— Кыйынчылыктар деле болгон жок. Өз каалоом менен келгендиктен, тартипке бекем болуп, ар бир кылган ишиме жоопкерчилик менен мамиле кылдым.

— Практикаңыздан кайсы учур эсиңизде көбүрөөк калды?

— Кыргыз-тажик чек арасында болгон каргашалуу окуяда жарандарды коопсуз жайга көчүрүү тапшырмасы милиция кызматкерлерине берилген эле. Ошондо мен Лейлек районундагы алыскы айылдарда жашаган эки бала-чакалуу үй-бүлөнү өзүмдүн үйүмө алып келип, абал тынчыганга чейин тамак-аш менен камсыздап, карап жаттым. Ошол учурда алардын психологиялык жактан катуу жабыркаганы эсимден кетпейт.

— Милицияга келген жаштар эмнени билиши керек деп ойлойсуз? Алар эмнелерге даяр болушу керек?

— Алар өз өлкөсүн, элин коргоого бара жатканын туюп,  бардык кыйынчылыктарга жана жеке убактысына карабастан, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарууга милдеттүү экенин билиши керек. Ошондо гана тартип болот. Милиция кызматкерлеринин негизги милдети – элдин арасында болуу, жеке убактысын аябастан элге жардам берүү.

— Аккордеондо ойноп, обондуу ырларды ырдайт экенсиз. Бул жөнүндө айта кетсеңиз.

— Аккордеонго кызыкчу эмесмин. Бирок обондуу ырларды ырдап жүрчүмүн.  Мен 9-класста окуп жүргөндө, Ырысбай Абдыкадыровдун жаркын элесине арналган эскерүү кечесине даярдана баштадык. Ошол учурда агайым мага  аккордеонду  үйрөтүп, «Издейм сени» деген чыгарманы ырдайсың деп тапшырма берген. Ошентип аккордеонго кызыгып кеттим. Бара-бара өздөштүрүп, азыркы учурда жакшы эле ойнойм.

— Келечектеги пландарыңыз…

— Ар бир адам өзүнүн жаркын келечеги үчүн күрөшүшү керек. Менда келечекте кыргыз милициясына эмгегим сиңген ардактуу ардагерлердин катарын толуктасам деген изги тилегим бар.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>