Казандан Кабулга чейин жөө: тревел-блогер адамдардын боорукердиги жана Кыргызстан тууралууАкжол Махмудов Азия оюндарында коло медаль уттуАзия оюндары: балбан Жоломан Шаршенбеков алтын медаль уттуСадыр Жапаров Илон Масктын SpaceX компаниясынын Калифорниядагы өндүрүштүк комплексине бардыБишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндө 3-октябрда унаа кыймылы убактылуу чектелетКыргызстанда мамлекеттик органдардын ички аудитин күчөтүү сунушталууда
Быйыл ажырашкан үй-бүлөлөрдүн саны 200гө өстү
27.10.2023 | 13:20
2023-жылдын январь-сентябрь айында 28 миң түгөй расмий никеге турду. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин 9 айдын жыйынтыгы боюнча отчетунда айтылат.
Былтыркы жылдын тогуз айында 29 миң 900 үй-бүлө түзүлгөн.
Жыл башынан бери 8 миң 134 үй-бүлө расмий ажырашкан. Бул өткөн жылдын тогуз айына салыштырмалуу 200гө көп.
Өлкөнүн калкынын саны 81 миң кишиге көбөйүп, 7 миллион 119 миңди түздү.
9 айда 95 миң 100 ымыркайга күбөлүк алынды. Январь-сентябрь айларында 20 миң 700 киши каза болду.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз