Алдыдагы өзгөрүүлөр, 13-пенсия. Соцфонддун төрагасы менен маек (видео)

Алдыдагы өзгөрүүлөр, 13-пенсия. Соцфонддун төрагасы менен маек (видео)

Социалдык фонд бир катар пенсиялык реформаларды жүргүзүүнү пландап жатканы белгилүү. Аталган мекеменин төрагасы Бактияр Алиев Reporter.kg′ге маек куруп, алдыдагы өзгөрүүлөр жана башка маселелер боюнча суроолорго жооп берди. 

— Саламатсызбы, сөз башында эле Соцфонд пландап жаткан реформалар тууралуу сүйлөшөлү. Алдыда кандай өзгөрүүлөр күтөт?

— Социалдык фонд тарабынан 9 өзгөртүү каралган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке киргизилди. Алардын баары Социалдык фонддун туруктуу иштешин камсыз кылууну көздөйт. Ошондой эле бизге камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөн жарандардын жана пенсионерлердин шарттарын жакшыртууга багытталган.

Пенсияга чыгуу жолу жеңилдейт

Биринчи өзгөртүү, азыр жарандар пенсияга чыгып жатканда, 1996-жылга чейин иштеген мезгилдеги камсыздандыруу стажын ырастоо үчүн документ алып келип, тастыкташы зарыл. Архивдерден “бул жерде иштегем, мынча айлык алгам” деген маалымкаттарды алып келиш керек. Союз тараган мезгилде документтер архивге тапшырылбай калган, күйүп кеткен учурлар кездешет. Мындан улам документтер табылбай калат да, жарандардын ошол жылдардагы стаждары күйүп кетип жатат. Ошондуктан биз ошол (1996-жылга чейинки – ред.) мезгил үчүн документ сурабайбыз деп өзгөртүү киргизип жатабыз.

Өзгөртүүлөр быйыл кирсе, аял кишилерге 12 жыл, эркек кишилерге 17 жыл стаж деп белгиленет. 1996-жылга чейинки стажды автоматтык түрдө эсептеп беребиз да, ошол жылдарга суммасын чегерип, жаран паспорт менен келип, пенсияга чыкканга мүмкүнчүлүк түзүп беребиз.

Бирок жеңилдиктер боюнча пенсияга чыккандар бийик тоолуу же ден соолукка зыян шарттарда иштегендигин тастыктаган документтерин көрсөтүп бериши керек болот.

III топтогу майыптар пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүн толук ала баштайт

Бүгүнкү күнү майыптыгы боюнча пенсия алгандардын ичинен III топтогу майыптарга пенсиянын камсыздандыруу бөлүгүнүн 50%ы эле төлөнүп берилет.

Камсыздындаруу бөлүгүн өзү төлөп, иштеп тапкандан кийин мыйзамга “50% эмес, 100%ын алыш керек” деген өзгөртүү киргизип жатабыз.

Бийик тоолуу аймактан көчүп кеткен пенсионерлердин кошумча коэффициенттери сакталып калат

Бийик тоолуу шарттарда жашап, иштегендерге пенсияга чыгып жатканда жеңилдиктер каралган, жогору коэффициенттер кошулат. Бирок пенсияга чыккандан кийин бийик тоолуу аймактан Чүйгө же бөлөк районго барып жашаса, бүгүнкү күнү ал коэффициенттерди алып коебуз. Азыр “бийик тоолуу шарттарда жашап, иштеген болсо, кайсы жерге барып жашаганына карабай кошумча коэффициенттер калышы керек” деген өзгөртүү киргизип жатабыз.

Мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыгуу токтотулат

Мыйзамда эркек кишилер 40 жылдык стажы болсо, 60 жаштан, аял кишилер 35 жыл стажы болсо, 55 жаштан пенсияга чыга алат деп жазылган. Ошону токтотолу деп жатабыз. Бизде жалпы белгиленген курак боюнча аялдар 58 жана эркектер 63 жаштан пенсияга чыга алат. Биз ал куракты көтөргөн жокпуз.

Казакстан, Россия же Европа мамлекеттерин алсак, эркектердин пенсияга чыгуу курагын 65, андан өйдө 66, 67 жашка чейин көтөрдү. Аял кишилердикин аз дегени 60, болбосо 63, 65 жашка чейин көтөрдү.

Мисалы 2023-жылы 60 миң киши пенсияга жаңы чыкты. Алардын ичинен 70%ы жеңилдик жана мөөнөтүнөн мурда пенсияга чыккандар болуп жатат.

Жеңилдик менен пенсияга чыккандарга тийишпейбиз. Аларга бийик тоолуу шартта, алыска аймактарда жашагандар, көп балалуу энелер кирет. Бул өзгөртүүлөрдүн аларга тиешеси жок. Алар мурда пенсияга кандай чыгып жатса, ошол курак боюнча эле пенсияга чыга берет.

— Өлкөдө Соцфондго канча киши камсыздандыруу төгүмүн төлөп келет жана түшкөн акча пенсия төлөөгө, аны көтөрүүгө жетеби?

— Уюшулган жана уюшулбаган тармак деп коебуз. Уюшулган тармактарга бюджеттик уюмдар, мамлекеттик ишканалар, мамлекеттин үлүшү бар ишканалар, юридикалык жактар (ЖЧК сыяктуу компаниялар) кирет. Жалпысынан алар төлөгөн акча Социалдык фонддун бюджетинин 97%ын ээлейт.

Уюшулбаган тармакка күркөлөр, базарлар, жер үлүшүн төлөп жаткандар кирет. Алар төлөгөн акча биздин бюджеттин 0,8%ын түзөт. Жалпы бюджетибиз 63 млрд сом болсо, жер үлүшүн төлөгөндөрдөн болгону 200 млн сом, патент боюнча иштегендерден 600 млн сомдун тегерегинде түшөт. 2023-жылы пенсия төлөөгө жалпы 74 млрд сом жумшалса, аларга (уюшулбаган тармаккка – ред.) пенсия төлөөгө келгенде 29 млрд сом сарптадык.

Акчаларыбыз тең салмактуу бөлүштүрүлбөй жатат. Мисалы мугалимдер, дарыгерлердин айлыгы 20 миң сом десек, бул кишилер бир айда 5 миң сомдун тегерегинде төлөйт, тигилер 7 сом төлөп жатат. Ал эми 25 жылда 4 миң сом төгөт. Бирок пенсияга чыгары менен (25 жылда – ред) төлөгөн 4 миң сом акчасын бир айда эле алып жатат.

Мындай учурларда Социалдык фонд камсыздандыруу принциптерин сактай албай калып жатат. Бул маселени да мыйзам долбооруна киргизип жатабыз. Социалдык фонд туруктуу болушу керек. Азыр киргизип жаткан реформаларыбыз эртең-бүрсүгүнү эмес 15-20 жылдан кийин жемишин берет.

— Иштеп, бирок Социалдык фондго акча төкпөгөн жарандар бар. Аларды жана иш берүүчүлөрдү Соцфондго акча төгүүгө тартуу үчүн кандай иштер жүргүзүлүп жатат?

— Мындан мурдараак министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Салык форумунда бизнес тармагындагыларга камсыздандыруу төгүмдөрү 27%дан 14%га чейин түшүрүлө турганын айтты (17% иш берүүчүдөн, 10% жумушчудан кармалат — ред.). Бул боюнча президенттин да тапшырмасы бар. Бүгүнкү күнү жумуш берүүчүдөн Социалдык фондго 17% кармалат. Ал 17%дан 4%га түшүрүлөт. Азыр ушунун үстүндө иштеп жатабыз.

Улуттук статистика комитетинин маалыматына таянсак, азыркы тапта 600 миңдей киши көмүскөдө иштейт. Алар салык, камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөбөй жүрүшөт. Биз камсындандыруу төгүмдөрүн түшүрө турган болсок, алар көмүскөдөн чыгат деген ишеничтебиз. Муну мамлекет тарабынан түзүлүп жаткан шарт деп эсептейбиз.

— Кыргызстандагы пенсиянын көлөмү тууралуу сөз кылсак. Мисалы бир жаран 2 миң сом пенсия алса, кээ бирлердики 200 миң сомго чейин жетет. Ортодогу айырмачылыктын башкы себептерин айтсаңыз?

— Бул камсыздандыруу принциби. “Социалдык фондго канча көп камсыздандыруу төгүмүн жасаса, ошончолук көп пенсия алат” деген принцип бар. Эгер андай принциптерди карманбасак, “мен Социалдык фондго акча төлөп эмне кылам, төлөбөсөм деле баары бир пенсиям ушунча болот” деген ойлор пайда болот.

400дөн ашык адам 50 миң сомдон өйдө пенсия алат. Алар мамлекеттик кызматта иштеген адамдар эмес, Кумтөр сыяктуу алтын кен, тоо-кен компанияларында иштеген кызматкерлер.

Андан тышкары банк тармагында иштегендердин, ошондой эле бизнес тармагында жүрүп, Социалдык фондго көп акча төккөндөрдүн пенсиялары чоң. Аны менен бирге профессордук-окутуучу курамдагылар бар. Алар 80 жашка чейин иштешет. Алар иштеп, айлык алгандан кийин маянасынан камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт. Ага байланыштуу алардын пенсиясы жыл сайын кайра эсептелип (пенсионер иштеп, Соцфондго акча төлөсө, анын пенсиясы жыл сайын кайра эсептелип, көбөйтүлүп турат – ред.), андан тышкары индексация (пенсияны көтөрүү) болуп турат. Ошондон улам пенсиялары кошулуп келип, ушундай чоң пенсия алат. Мамлекеттик кызматта иштеп кеткендердин баарынын пенсиясы көп деген сөз туура эмес.

Аз пенсия алгандар — камсыздандыруу төгүмү дагы, стажы дагы аздар (2, 3 же 5 жылдык стаж менен пенсияга чыккандар).

— Эл арасында “40 жыл, 20 жыл иштеп, Соцфондго тиешелүү түрдө акча которсом да, 3 же 4 миң сом пенсия алам” деп айткан жарандар бар. Буга эмне себеп болгон?

— Алсак, кенже кызматкерлер, техникалык кызматкерлердин айлыгы азыраак болот. Стажы көп болгону менен аз маянадан улам камсыздандыруу төгүмдөрү аз төлөнсө, пенсиясы да азыраак болуп калат.

— Былтыр Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова пенсионерлерге 13-пенсия берүүнү сунуштаган. Бул сунушту Соцфонд колдойбу жана төлөгөнгө акчасы жетиштүү болобу?

—  Урматтуу депутатыбыз “13-пенсия бөлөк мамлекеттерде да төлөнүп жатат” деген, бирок андай бир да өлкөдө жок.

Мисалы 2022-жылы пенсияны 33%га, 2023-жылы 38%га көтөрдүк. Акыркы 10 жылдагы статистиканы карасак, пенсия жылына 3, 4 же 5%га көтөрүлүп келген. Эң көп дегенде 2017-жылы 7%га көбөйтүлгөн. Акыркы эки жылда биз 33% жана 38%га көтөрдүк. Ал үчүн кошумча 40 млрд сом керектелди. 40 млрд сом деген эмне деген акча?! Бул акчанын 16 млрд сому Кыргыз Республикасынын бюджетинен, 24 млрд сом Социалдык фонддун бюджетинен кетти.

Биз ошончо акчаны бир эле 13-пенсия кылып койбой, пенсияны жыл ичинде көтөрүп жатабыз. Мурда пенсияны көтөрүүгө бир жылда 3-4 млрд сом сарптап келсек, азыр 20 млрд сарптап жатабыз. 500 миңден ашык пенсионердин пенсиясына 2 миң сомдон баштап 7 миң сом чейин кошуп бердик. Андан беркилерине 1900, 1800, 1000, 800 сом болуп отуруп, эң аз 500 сомго көтөрдүк. Пенсияны көтөрүүгө да көп акча кетип жатат.

— Ошондо чындыкты айтканда 13-пенсия берүүгө каражат жетпейт да ээ?

— Андай пенсия эч жерде жок.

— Былтыр Кыргызстанда пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га, кеминде 500 сомго көтөрүлдү. Бул боюнча депутаттар, жарандар тарабынан “баарына тегиз бир сумманы кошсо болмок” деген пикир айтылган. Негизи баарына бирдей сумманы кошууга болобу?

— Баарын бир сумма кошуп койгон… Мындай айталы, сиз 30 жылдан ашык, 40 жыл иштеп, Социалдык фондго миллиондогон акчаны төгүп, төлөгөн акчаңыз менен бери жагы 10 пенсионерди багып жаттыңыз дейли. Бир жагынан мен: менин стажым 5 жыл, Социалдык фондго 2-3 миң сом төлөгөм. Анан мен “эмнеге тигиникин көтөрөсүң, меникин көбүрөөк көтөрбөйсүңбү” десем… Өзүңүз карап көрсөңүз.

Биз камсыздандыруу принцибин сактап, аны төлөп жаткан адамды “сен Соцфондко канчалык көп төлөсөң, ошончолук көп пенсия аласың” деген шартты түзүшүбүз керек. Аз алгандардыкын көбөйтүп туруп, беркилердикин азыраак көбөйтүп койгондо, 600 миң пенсионерибиз “эмнеге биздикин аз көтөрөсүңөр, алардыкын көп көтөрөсүңөр, биз Социалдык фондго жакшы төлөп жүрбөдүк беле” деп кыйкырып чыкмак. Ушундай жагдайлар жаралат. Биз камсыздандыруу принциптерин дайым сакташыбыз керек. Камсыздандыруу принциптеринин тайгандан баштап, «Социалдык фондго акча төлөбөйбүз. Биз эмнеге төлөйбүз?! Төлөбөсөм да пенсия алат турбаймынбы, пенсиям көтөрүлөт турбайбы» дегендер чыгат.

— Быйыл пенсия 7%га көтөрүлөрү айтылган. Бирок жарым жылдын жыйынтыгы менен андан көп кошконго аракет кылабыз дегенсиздер. Болжолдуу түрдө мынча пайызга көтөрө алабыз деген прогноз барбы?

— 2024-жылдын бюджетине камсыздандыруу бөлүгүн 7%га көтөрөбүз деп 907 млн сом киргиздик. 2023-жылы да пенсияны 8%га көтөрөбүз деп караштырганбыз, бирок биринчи жарым жылда камсыздандыруу төгүмдөрү жакшы түшкөндүктөн пенсияга пландан көп кошо алдык.

Быйыл бизнес үчүн камсыздандыруу төгүмдөрүн ылдый түшүрөбүз деп жатабыз. Эгер акча көп түшсө, пенсияга 7 пайыз эмес, андан көбүрөк кошконго аракет кылабыз.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>