Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Кореядан 27 млн доллар насыя алат

Кыргызстан Кореянын Экспорттук-импорттук банкынан 27 млн доллар насыя алат. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, аталган акча Бишкектеги Республикалык клиникалык инфекциялык оорукананын ишин жакшыртууга жумшалат.

“Долбоордун максаты — иштеп жаткан жугуштуу оорулар ооруканасын кеңейтүү, аны заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздоо, ошол эле учурда медициналык кызматкерлерди аны колдонууга үйрөтүү, көрсөтүлүүчү медициналык кызматтын сапатын жогорулатуу жана оорукана ичиндеги инфекциялардын алдын алуу иштерин өз убагында жүргүзүү”, — деп айтылат маалыматта.

Макулдашуунун шарттарына ылайык, алынып жаткан 27 млн доллар насыя 40 жылда кайтарылышы керек. Анын ичинен 10 жыл жеңилдетилген мөөнөт болуп саналат. Жылдык пайыздык чени 0,1% жана тейлөө акысы ар бир төлөмдүн суммасынан 0,1%ды түзөт.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>