Бүгүн, 17-майдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Алимжан Байгазаков Эсептөө палатасынын аудитору болуп шайланды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги Жогорку Кеңештин «Альянс» фракциясы тарабынан сунушталган.
Жашыруун электрондук добуш берүүнүн жыйынтыгында Алимжан Байгазаковдун талапкерлиги колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү токтому кабыл алынды.
Биздин Телеграм каналга катталыңыз