Генерал Чотбаев Бишкек мэриясы берген үйдөн чыгарылды (видео)

Генерал Чотбаев Бишкек мэриясы берген үйдөн чыгарылды (видео)

Генерал-полковник, Улуттук Гвардиянын мурдагы колбашчысы Абдыгул Чотбаев Бишкектин мэриясы тарабынан берилген үйдөн убактылуу чыгарылды.

Мэриядан билдиришкендей, 2009-жылы Чотбаевге Жибек-Жолу проспектисинен жашаганга турак үй бөлүнүп берилген. Бирок ал бөлмө соода түйүнү катары пайдаланылып, эч ким жашаган эмес. Ал батир велосипед саткандүкөн катары колдонулуп жаткан. Анын аянты 90 чарчы метрди түзөт.

Батирди бошотууга мэрдин орун басары Нурдан Орунтаев менен Биринчи май районунун акими Максатбек Сазыкулов катышкан.

«Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө аталган жай Бишкек шаарынын мэриясына тиешелүү», — деп билдирет мэрия.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>