Токтогулда фирма 7,7 млн сом алып, гемодиализ борборун курбай койгон

Токтогулда фирма 7,7 млн сом алып, гемодиализ борборун курбай койгон

Токтогул шаарында гемодиализ борборунун имаратын куруу үчүн акча алып, ишти толук аткарбай качып кеткен фирманын директору кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын октябрь айында Токтогулдагы Жалпы медициналык практика борборунун аймагына 15 млн 941,6 миң сомго гемодиализ борборун курууга тендер жарыяланган. Анда тендерди 12 млн 907,5 миң сом сунуштаган «А.С.С.» ЖЧКсы жеңген. Бирок аталган мекеменин директору А.А.Б. фирманын эсебине 7 млн 781 миң сом түшүп, 2022-жылы курулуш иштеринин 10%ын гана бүтүргөндөн кийин дайынсыз жоголгон.

Учурда кармалган адам УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

Бул иштин алкагында тендер өткөргөн «Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көл шаарынын Жазыкечүү айылынын атайын эсебинин каражаттарын тескөө боюнча дирекциясы» мамлекеттик мекеменин кызматкерлеринин ишмердүүлүгү текшерилет.

Биздин Телеграм каналга катталыңыз

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>